110/35/10 кВ «Барсбек» көмөк чордонунда оңдоо иштери жүргүзүлдү
2 июня 2026 г.
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Көмөк чордондор кызматы тарабынан белгиленген план графиктин негизинде жумуш алып барылууда. Бүгүнкү күндө, Ош тайпасы тарабынан 110/35/10 кВ «Барсбек» көмөк чордонундагы Т-1 күч трансформаторунда майдын агып кетүүсүн жоюу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Аталган иштердин алкагында трансформатордун эскирген резиналары жаңыланып, май аккан жерлери толугу менен калыбына келтирилди. Ошондой эле трансформатордун сырткы бөлүктөрү жана жабдуулары жууп-тазаланып, техникалык абалы жакшыртылды.
Мындан тышкары, адистер тарабынан жабдуулардын иштөө абалы текшерилип, көмөк чордондун ишенимдүү жана туруктуу иштөөсүн камсыздоого багытталган тиешелүү техникалык иштер аткарылды.
Жүргүзүлгөн оңдоо иштери электр жабдууларынын иштөө мөөнөтүн узартууга, авариялык өчүүлөрдүн алдын алууга жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого өбөлгө түзөт.