Колл - центр: 105

110/35/10 кВ “Барсбек”көмөк чордонунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

12 октября 2026 г.

 
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Ош шаарындагы 110/35/10 кВ чыңалуудагы “Барсбек” көмөк чордонунда электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана күз-кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында пландуу оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Аталган көмөк чордондон Учар, ДЭУ, Южный, Туран аймактары жана башка өндүрүштүк ишканалар электр энергиясы менен камсыздалат. Мындан тышкары, «Барсбек» көмөк чордонунан Ош-3 жана Гүлбаар көмөк чордондору чыңалуу менен камсыздалып, электр энергиясын бөлүштүрүүдө маанилүү ролду ойнойт.
Учурда жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери электр жабдууларынын техникалык абалын жакшыртууга, мүмкүн болуучу авариялык кырдаалдардын алдын алууга жана электр тармактарынын туруктуу иштешин камсыздоого багытталган.
Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында Ош электр тармактары ишканасы тарабынан электр тармактарында жана көмөк чордондордо пландуу оңдоо, техникалык тейлөө жана алдын алуу иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.
Энергетиктердин негизги максаты - керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу!