Колл - центр: 105, 1209

2-3-4-5-6-июнь күндөрү саат 8-00дөн 17-00гө чейин Чоң-Алай, Алай, Кара-Суу райондорунда жарык убактылуу болбойт

31 мая 2023 г.

2-3-4-5-6-июнь күндөрү Чоң-Алай жана Алай райондорунда 110кВ аба чубалгыларындагы пландуу ремонт иштерине байланыштуу саат 08:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү аймактарда жарык убактылуу болбойт.
Чоң-Алай районунун Кашка-Суу, Чоң-Алай, Жекенди айыл өкмөттөрүндө.
Өзгөн районунун Кара-Таш, Жалпак-Таш айыл өкмөттөрүндө.
Алай районунун жалпы айыл өкмөттөрүндө. Кара-Суу районуна караштуу Алп Ордо, Чайчи, Корок, Талаа, Коргон айылдарында.
Ош электр тармактары ишканасынын пландык иштеринин негизинде, 110кВтук аба чубалгыларында жалпысынан 4500 даана обочолонгучтар алмаштырылууда. Аталган аба чубалгыларында электр зымдарынын 40 жылдык кызматтык мөөнөтү бүткөндүктөн жаңылары курулууда. Ошондой эле электр мамычаларынын күз-кыш мезгилдерине даярдыгын текшерип, оңдоп түзөөгө муктаждарды калыбына келтирүү иштерин аткарышууда.