22-ДЕКАБРЬ ЭНЕРГЕТИКТЕРДИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ
20 декабря 2024 г.
“КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасы тарабынан С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Энергетика тармагынын 90 жылдыгына” арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, “КУЭТ” ААКтын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу жана энергетика тармагынын кызматкерлери катышты.
Кесиптик иш-чараны Ош электр тармактары ишканасынын директору Эмилбек Ысманов сөз сүйлөп ачып, ишкананын быйылкы жылдагы жасаган иштерине учкай токтолуп өттү. Капиталдык курулуш багытында жасалган иштер боюнча видео ролик көрсөтүлүп, Энергетика тармагынын өсүп өнүгүүсүнө салым кошкон мыкты кызматкерлер Облус жетекчилигинин, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык кеңешинин жана компаниянын Ардак грамота, алкыш баракчалары менен сыйланышты.
Салтанаттуу иш-чара Ош электр тармактар ишканасынын РЭТ кызматкерлери арасында түзүлгөн жалпы 10 команданын ыр, бий жана суроо-жооп сынактары менен коштолду.
Энергетиктердин ынтымагын бекемдөө жана достугун чыңдоого багытталган маарекеде “Ош ЭТИ” командасы 1-орун, “Ош Энергосбыт” командасы 2-орун, “Сулайман-Тоо”, “Ош РЭТи” командалары жана “Чоң-Алай РЭТи” командалары 3-орунду камсыздашып, жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
“КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы