Араван райондук электр тармагында кызматкерлер менен иштөө күнү өткөрүлдү
16 июля 2026 г.
«КУЭТ» ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Араван райондук электр тармагындагы бардык аймактык бөлүмдөрдүн жана электр эсептегичтерин алмаштыруу бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда иштөө күнү (ДРП) өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө өндүрүштүк жана эмгек тартибин сактоо, техникалык коопсуздук эрежелерин так аткаруу, калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Мындан сырткары, буга чейинки шашылыш билдирүүлөр кайра каралып чыкты.
Ошондой эле алдыдагы бизнес пландар боюнча жумуштардын аткарылышы, жетишкендиктери, кемчиликтери жана кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ишкана жетекчилиги ар бир кызматкерди коопсуздук талаптарын так сактоого, кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууга жана керектөөчүлөргө сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн, биргелешип аракеттенүүгө чакырды.