Башкы директордун орун басары Ильгиз Сыдыгалиев иш сапары менен Ош шаарында болду
9 июля 2025 г.
“Кыргызстан Улуттук электр тармагы” ААКтын башкы директорунун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары Ильгиз Сыдыгалиев 2025-жылдын 7-июлунда жумушчу иш сапары менен Ош шаарына келип, “КУЭТ” ААКтын филиалы – Ош электр тармактары ишканасынын бир нече маанилүү объектилерин кыдырды.
Иш сапардын алкагында ал 220/110/10 кВ “Узловая” көмөк чордонунда орнотулган жаңы 250 МВА кубаттуулуктагы автотрансформатордун курулушу, монтаждоо жана ишке берүү процессинин жүрүшү менен жеринен таанышып, тиешелүү адистерге бир катар сунуш-пикирлерин берди. Бул иштер электр энергиясын туруктуу жана үзгүлтүксүз берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Эске салсак, буга чейин аталган көмөк чордондо кубаттуулугун жогорулатуу максатында 200 МВА кубаттуулуктагы автотрансформаторду жаңыртуу иштери жүрүп, анын ордуна 250 МВА трансформатор орнотулган. Бул жаңылануу түштүк аймагындагы энергетикалык жүктөмдү азайтып, керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоону максат кылат.
Мындан тышкары, Сыдыгалиев Ош шаарында биринчи жолу курулуп жаткан жана жакын арада ишке киргизилүүчү “Темир бетон буюмдарын жасоо” цехинин даярдыгы менен да таанышып чыкты. Ал бул өндүрүш объектиси энергетика тармагында керектүү болгон курулуш материалдарын жеринде чыгарып, импортко болгон көз карандылыкты азайтарын баса белгиледи.
Иш сапардын жүрүшүндө жетекчи ошондой эле 35/10 кВ “Ош-7” жана “Речная” көмөк чордондорунда болуп, учурда каскаддык метод менен алмаштырылып жаткан трансформаторлордун абалын көрүп чыкты.
Иш сапардын соңунда Ильгиз Сыдыгалиев Ош шаарындагы энергетика тармагындагы жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөргө жана техникалык жакшыртууларга оң баасын берип, пландалган иштердин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышы үчүн жетекчиликке жана адистерге тийиштүү тапшырмаларды берди.