Колл - центр: 105, 1209

“Бөлүштүрүүчү электр тармактары кызматы” тарабынан ай сайын РЭТтерде семинар өткөрүлөт

15 мая 2024 г.

  Ош электр тармактары ишканасынын буйругунун негизинде, биринчи жолу "Бөлүштүрүүчү электр тармактары кызматы" тарабынан Ош ЭТИне караштуу РЭТтердин башкы инженерлерин, аймак жетекчилеринин, ага устаттарынын катышуусунда, Ош РЭТ жана Сулайман Тоо РЭТтеринин базасында семинар өткөрүлдү.
   Семинардын максаты тажрыйба алмашып, жаңы киргизилип жаткан жумуштар жана талаптар менен таанышып, коопсуздук маселелери, отчеттордун туура аткарылышы, оңдоп-түзөө иштери менен жеринен таанышып, маселелерди чечүү болуп саналат.
   Ошондой эле, Ош шаарындагы аткарылган иштер үлгү катары даярдалып, тааныштырылды.
Семинардын жүрүшүндө “КУЭТ” ААКтын башкы директорунун орун басары Доктурбай уулу Жолдошбек жана Ош ЭТИнин башкы инженери Марат Раймалиев катышып, район электр тармактарынын башкы инженерлерине күз-кышка даярдык иштерин сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырма берди.