Колл - центр: 105, 1209

Чоң-Алай РЭТи күз-кыш мезгилдерине 100%га даяр

17 октября 2025 г.

“КУЭТ” ААКтын филиалы- Ош электр тармактары ишканасынын Чоң-Алай РЭТи 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата иш-пландын негизинде даярдык иштерин толук аткарып бүттү.
Бүгүнкү күндө Чоң-Алай РЭТи жалпы 5402 керектөөчүнү электр энергиясы менен камсыз кылат, анын ичинен:
• Дароот-Коргон бөлүмүндө – 2792 керектөөчү,
• Кашка-Суу бөлүмүндө – 1358 керектөөчү,
• Жекенди бөлүмүндө – 1252 керектөөчү катталган.
✅ Аткарылган негизги иштер:
2025-жылдын ичинде Чоң-Алай райондук электр тармактары тарабынан:
•50 км 10 кВтук аба чубалгысы утурумдук оңдоодон өткөрүлдү;
•101 даана көмөкчү чордон утурумдук оңдоп-түзөөдөн өттү;
•39 даана трансформатордук пункт капиталдык ремонттон өткөрүлдү;
•АЧ-0,4 кВ 40 км чубалгы жаңыланып оңдоодон өткөрүлдү.
2024-жылы башталган “Дароот-Коргон - Жар-Башы” 35 кВ аба чубалгысынын курулуш иштери 2025-жылы толук аяктап, пайдаланууга берилди. Бул долбоор “КУЭТ” ААК тарабынан каржыланып, аймактагы электр энергиясын туруктуу берүүдө чоң роль ойнойт.
Чоң-Алай айыл өкмөтүндө:
•Чак айылында - 1 км 10 кВ аба чубалгысы темир-бетон мамычаларга алмаштырылып, СИП кабель тартылды;
•Дара айылында - 650 метр АЧ-0,4 кВ линиясы жаңыртылды;
•Кызыл-Бел айылында - 1 км АЧ-0,4 кВ чубалгы алмаштырылды;
•Кум-Талаа участогунда - айыл өкмөт тарабынан берилген темир-бетон мамычалар Чоң-Алай РЭТинин кызматкерлери тарабынан орнотулду.
Кашка-Суу айыл өкмөтүндө:
•“Тарам МЖС” жана “Юкос” 10 кВ аба чубалгылары боюнча 2 км чубалгы темир-бетон мамычаларга алмаштырылып, СИП кабель тартылды;
•Кашка-Суу айылындагы КТП-102 трансформатору ГКТПга алмаштырылып, 1620 метр СИП кабели жаңыртылды.
Жекенди айыл өкмөтүндө:
•Шибе айылында кошумча 250 кВ КТП орнотулду;
•1 км АЧ-10 кВ чубалгысы темир-бетон мамычаларга алмаштырылып, СИП кабель тартылды.
Чоң-Алай РЭТинин жетекчилиги жана кызматкерлери күз-кыш мезгилин утурлай керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн бардык зарыл даярдык иштерин толук бүтүрүштү.