Колл - центр: 105

Электр мамыларына жана аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бак-дарактарды бутоо иштери жүргүзүлүүдө

1 июля 2026 г.

Керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын бардык райондук электр тармактарында (РЭТ) аба чубалгыларына жана электр мамыларына тоскоолдук жараткан бак-дарактарды бутоо иштери жасалууда.
Бул иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, өзгөчө шамал, жаан-чачын сыяктуу туруксуз аба ырайында бактардын бутактарынын электр зымдарына тийип, авариялык өчүрүүлөрдү жаратышынын алдын алууга багытталган.
Ош электр тармактары ишканасы жарандарды электр чубалгыларына жакын жайгашкан бак-дарактарды өз убагында бутап турууга, ошондой эле аба чубалгыларына жакындабоого жана алардын коопсуздук аймагында ар кандай иштерди жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.
Бул талаптарды аткаруу электр энергиясынын үзгүлтүксүз берилишин камсыздоого, авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алууга өбөлгө түзөт.