Колл - центр: 105, 1209

Энергетика тармагындагы айымдар

29 июля 2024 г.

   Суюмбаевна Наргиза Наркулова, “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Чоң-Алай РЭТинде 10 жылдан тарта эмгектенип келет.
 
  РЭТте жалпы 37 кызматкер болсо, андагы 2 айымдын бирөөсү Наргиза айым.
Ал алгач 2010-жылы жумушка кирип, ошондон тарта Чоң-Алай райондук электр тармактарында иш жүргүзүүчү болуп иштеп келет.
 
   Анын айтымында, энергетика тармагында иштөө ары кызыктуу болсо ары түйшүктүү. “Жалаң мырзалардын арасында айрым иш чараларда көп учурда жалгыз болуп калам, бирок кесиптештерим дайыма сый-урмат көрсөтүп, аял киши болгонум үчүн колдоп турушат”,- дейт.
 
  Жумуштан сырткары, атайын жакшылык, той маарекелерге таттууларды, даамдарды даярдап, буйрутма менен жасап берет. Мындан тышкары, кыргыз айымына таандык болгон кол өнөрчүлүк менен алек болуп, табигый койдун жүнүнөн килемдерди жасайт.
 
   РЭТте иштеп жүрүп, өмүрлүк шеригин кезиктиргенин айткан каарманыбыз, учурда 2 кыз, 1 уулдун мээримдүү апасы жана жолдошунун жароокер жары. Үй-бүлө менен жумушту бирдей алып кетүүдө кыйынчылык деле болбоосун, эң башкысы сүйгөн жумуш болсо анын түйшүгү деле көзгө көп көрүнө бербөөсүн айтат.