Энергетиктер күнү белгиленди
22 декабря 2025 г.
Бүгүн, 22-декабрь күнү, “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасында Энергетиктер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош электр тармактары ишканасынын жетекчилиги, ардагер энергетиктер жана тармактын кызматкерлери катышты.
Майрамдын алкагында энергетика тармагынын кызматкерлери кесиптик майрамы менен куттуктоого алынып, өз эмгеги менен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ардак грамоталар, ведомстволук сыйлыктар, “Каарман” төш белгилери, Алкыш баракчалары, ошондой эле энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана өз ара кызматташтык үчүн атайын сыйлыктар ыйгарылды.
Салтанаттуу сөздөрүндө расмий өкүлдөр энергетика тармагы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүндө стратегиялык мааниге ээ экенин белгилешип, калкты жарык жана туруктуу энергия менен камсыз кылууда энергетиктердин жоопкерчиликтүү, талыкпаган эмгегине жогорку баа беришти.
Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө 2025-жылдагы аткарылган иштерди камтыган кыскача тасма көрсөтүлүп, Ош электр тармактары ишканасындагы жетишкендиктер кеңири чагылдырылды.