Колл - центр: 105, 1209

Энергетиктер селден жабыркаган аймактарда тазалоо иштерине көмөктөшүүдө

17 июля 2024 г.

  “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Ош электр энергиясын сатуу мекемесинин жана Кара-Суу РЭТинин кызматкерлери өздүк шаймандары менен Мады айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок, Манас айылдарында селден жабыркаган жана жараксыз абалга келген үйлөрдө селдин калдыктарын тазалоо иштерине кол кабыш кылышууда.
 
  Эске сала кетсек, 14-июль катуу жааган жаандан улам сел келип, Мады айыл өкмөтүнүн бир нече айылдарында көптөгөн үйлөрдү жараксыз абалга келтирген жана Кара-Суу РЭТи тейлеген “Беш-Мойнок” көмөк чордонуна дагы сел кирип, 7500 абонентти жарыксыз калтырган.
 
  Жеринде РЭТ кызматкерлери ыкчам иштеп, энергетиктер 2 күндүн ичинде электр шаймандарын оңдоп-түзөп калыбына келтирип, электр энергиясын беришкен.
 
  Бүгүнкү күндө тазалоо иштерине Кара-Суу РЭТинин 60 кызматкери, Ош электр энергиясын сатуу мекемесинен 30 кызматкер жана 1 даана экскаватор тартылган.