Энергетиктер шаардык инфраструктураны жаңылоого көмөктөшүүдө
15 октября 2026 г.
Ош шаарындагы жол инфраструктурасын жакшыртуу иштерине энергетиктер активдүү салым кошууда
Бүгүнкү күндө, “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Сулайман-Тоо РЭТинин энергетиктери тарабынан Ош шаарынын Г. Айтиев көчөсүндөгү электр мамыларын жылдыруу иштери аткарылып жатат.
Тактап айтканда, 110/35/10 кВ “Төлөйкөн” көмөк чордонунун “Батыш”, “Керме-Тоо” жана “Пионерская” фидерлеринен чыккан аба электр чубалгылары жолду кеңейтүү иштерине байланыштуу белгиленген жерге көчүрүлүп, жайгаштырылууда.
Бул иштер Ош шаарындагы жол инфраструктурасын жакшыртуу, көчөлөрдү кеңейтүү жана транспорттук шарттарды өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ишке ашырылууда.
Электр тармактарын көчүрүүдө энергетиктер тарабынан коопсуздук талаптарына өзгөчө көңүл бурулуп, жумуштар тиешелүү техникалык нормалардын негизинде жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, электр энергиясын берүүдө мүмкүн болгон үзгүлтүктөрдү азайтуу жана керектөөчүлөргө ыңгайсыздык жаратпоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.
Жүргүзүлүп жаткан иштерге байланыштуу электр энергиясын убактылуу өчүрүү зарылдыгы жаралган учурда, алдын ала маалыматтар Ош электр тармактары ишканасынын расмий Facebook жана Instagram баракчаларына, ошондой эле
oshpes.nesk.kg сайтына жайгаштырылат.
Ошондой эле керектөөчүлөргө убактылуу өчүрүү тууралуу маалыматтар «Мой свет» тиркемеси аркылуу билдирүү түрүндө жөнөтүлөт.
Ош электр тармактары ишканасы шаардагы инфраструктуралык өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндө электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иштерди улантат.