Колл - центр: 105, 1209

Ноокат РЭТинин электр куроочулары электр энергиясын калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатышат

29 июня 2024 г.

2024-жылдын 28-июнунда саат 16:30 чамасында Ноокат районунун аймагында катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн.
 
Селдин кесепетинен ВЛ-10 кВ Абшыр, ПС Кок-Жар 4 даана СВ-110 мамычасын сел алып кеткен, 2 даана СВ-110 мамычасы сынып кеткен. Аба чубалгынын узундугу 400 метрти түзөт. ВЛ-6 кВ Абшыр-Ата, ПС 35/6 кВ Абшыр аба чубалгысы боюнча Турбаза тараптын жолу жабык болгондуктан тактоо иштери улантылууда. Техникалар учурда жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.
 
Жалпысынан селдин кесепетинен 2771 абонент жарыксыз калууда. Жеринде жол ачык болгон айылдарда Ноокат РЭТинин электр куроочулары электр энергиясын калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатышат.
 
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев Ноокат районундагы кырдаалга байланыштуу Ош облустук Жарандык коргонуу кызматтарынын башчыларынын катышуусунда 29-июнь саат: 1:30да жыйын уюштуруп, учурдагы кырдаал талкууланды.
Жыйынга “КУЭТ” ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын башкы инженери Марат Раймалиев жана Ноокат РЭТинин башчысы Уланбек Мурзамудин уулу катышып, тишелүү тапшырмаларды алышты.