Колл - центр: 105, 1209

Ош электр тармактар ишканасынын директору Эмилбек Ысманов Чоң-Алай райондук электр тармактарына барып, күз-кыш айларына даярдык иштери боюнча жеринде таанышты

5 июня 2023 г.

Ош электр тармактар ишканасынын директору Эмилбек Ысманов Чоң-Алай райондук электр тармактарына барып, Күз-Кыш айларына даярдык иштери боюнча жеринде таанышты.
Райондук электр тармактарынын 35/10 кВ Кашка-Суу бөлүмүнүн Кашка-Суу көмөк чордону, 35/10 кВ "Дароот-Коргон" көмөк чордону, Жекенди бөлүмүнүн 35/10 "Жарбашы" көмөк чордондорунун абалы менен таанышып, энергетиктердин көйгөйлөрүн угуп, артыкчылык-кемчиликтерин белгилеп, Чоң-Алай райондук электр тармактарынын башчысына жана башкы инженерине бир катар тапшырмаларды берди.
Учурда, Чоң-Алай райондук электр тармактарында эскилиги жеткен электр мамычалары бетон мамычаларга алмаштырылып, керектөөдөн чыга баштаган аба чубалгыларынын ордуна структуралык калкама өткөргүчтөрдү улоо иштери жүргүзүлүүдө.