Ош электр тармактары Алай, Чоң-Алайда 2400 даана изоляторду жаңылайт
16 июня 2026 г.
«КУЭТ» ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Жогорку чыңалуудагы аба тармактары кызматы тарабынан Алай жана Чоң-Алай райондорунун аймагында ошондой эле, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда жайгашкан жогорку аба чубалгыларындагы 2400 даана изолятор жаңысына алмаштырылат.
Токтоло кетсек:
Сопу-Коргон - Сары-Таш 110 кВ, Сары-Таш - Сары-Могол 35 кВ, Сары-Могол - Кашка-Суу 35 кВ, Кашка-Суу - Дароот-Коргон 35 кВ, Өзгөн - Кара-Кулжа 110 кВ, Кара-Кулжа - Ылай-Талаа 35 кВ, Ылай-Талаа - Капчыгай 35 кВ жогорку аба чубалгыларында эскилиги жеткен изоляторлордун ордуна ПС-70 тибиндеги жаңы изолятор орнотулууда.
Күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү жана калкты сапаттуу, ишенимдүү, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында энергетиктер тарабынан пландуу оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө Ош электр тармактары ишканасынын Жогорку чыңалуудагы аба тармактары кызматынын бардык кызматкерлери Алай районунун Кабылаң-Көл аймагында иш сапарга тартылып, 110 кВ чыңалуудагы Каратай - Гүлчө аба чубалгысында топторго бөлүнүп иш алып барышууда.
Аталган иштердин алкагында эскилиги жеткен изоляторлор этап-этабы менен алмаштырылып, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул өз кезегинде авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алууга жана электр энергиясын туруктуу жеткирүүгө өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, учурда жаңыланып жаткан изоляторлор 1969-жылы орнотулган. Узак жылдар бою пайдаланылып келген жабдууларды жаңылоо электр тармактарынын техникалык абалын жакшыртып, алардын коопсуз жана туруктуу иштешин камсыздайт