Ош электр тармактары ишканасы ыраазычылык кат менен сыйланды
6 ноября 2025 г.
2025-жылдын сентябрь айында Алай районунда Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесин өткөрүү иш-чарасына чоң салым кошкондугу үчүн “КУЭТ” ААКнын филиалы- Ош электр тармактары» ишканасы Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыраазычылык каты менен сыйланды.
Аталган сыйлыкты 5-ноябрь, Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев тапшырды. Ал ишкананын эмгегин жогору баалап, жамаатка мындан аркы ишинде ийгилик каалады.