Ош электр тармактары ишканасынын директору Ноокат РЭТинин күз-кышка даярдыгынан кабар алды
25 июня 2026 г.
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын директору Тилек Жолдубай уулу Ноокат райондук электр тармактарынын (РЭТ) күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Иш сапардын алкагында директор 110/35/10 кВ “Ноокат” көмөк чордонунда жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо жана техникалык тейлөө иштерин текшерип, күз-кыш мезгилин үзгүлтүксүз өткөрүүгө багытталган даярдык чараларынын аткарылышына баа берди.
Мындан тышкары, Ноокат РЭТинин административдик имаратынын абалы менен таанышып, кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча маселелерди карап чыкты.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-июнунда Ноокат районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, анын кесепетинен Ноокат РЭТинин аймагын сел суулары каптаган. Бирок энергетиктердин ыкчам аракеттеринин натыйжасында электр тармактарынын объектилери олуттуу зыян тарткан эмес. Электр мамычалары жана аба чубалгылары жабыркабай сакталып, административдик имараттын ичине суу кирген эмес.
Учурда Ноокат РЭТинде күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери планга ылайык улантылып, электр энергиясын керектөөчүлөргө үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.