Ош электр тармактары ишканасынын Сулайман-Тоо РЭТинде коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү
27 августа 2026 г.
Жыйындын негизги максаты - кызматкерлер арасында коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, мыйзам талаптарын түшүндүрүү жана кызматтык милдеттерди ак ниет аткаруу болду. Түшүндүрүү жыйыны Ош электр тармактары ишканасынын башкы инженеринин орун басары Орозмамат Акимбеков, Биринчи бөлүмдүн башчысы Динара Мырсабекова, Юридикалык бөлүмдүн башчысы Арзымат Исаевтер тарабынын өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, кызматтык абалдан жеке кызыкчылык үчүн пайдаланууга жол бербөө жана ар бир кызматкердин жоопкерчилигин жогорулатуу маселелери тууралуу кеңири маалымат берилди.
Ошондой эле коррупциянын алдын алуу багытындагы иштерди күчөтүү, кызматкерлер менен үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзам бузууларга бөгөт коюу боюнча чаралар талкууланды.
Жыйындын катышуучуларына кызматтык милдеттерди так жана ак ниет аткаруу, мыйзам талаптарын сактоо, ошондой эле мекеменин ишмердүүлүгүндө ачыктык менен таза иштөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Коррупцияга каршы күрөш - ар бирибизден башталат. Ак ниеттик, жоопкерчилик жана мыйзамдуулукту бекем сактоо - ишенимдүү жана таза коомду түзүүнүн негизги жолу!