Ош электр тармактарында коррупциялык тобокелчиликтерди алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө
3 июня 2026 г.
2-3-июнь күндөрү, ”КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасында, Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинде, Ош жана Кара-Суу РЭТтеринде коррупциялык иштердин алдын алуу жана болтурбоо боюнча энергетиктерге жана жалпы кызматкерлерге түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү.
Иш-чаралар, “Мыйзам тартип талап” коомдук бирикмесинин аткаруу
директору, КР Президентинин алдындагы коррупцияга каршы ишкердик кенешинин мүчөсү Ибрагимов Самат
Суюнтбекович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укук коргоо ишин координациялоо, кырдаалдык талдоо жана чара көрүү
бөлүмүнүн башкы адиси Маданов Сардарбек Жапарович жана Ош ЭТИнин жетекчилигинин катышуусунда
“Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрь Nº209 Мыйзамынын ишке ашырылышына ылайык иштелип чыккан.
Иш-чаранын максаты:
Коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу.
Коррупция менен байланышкан терс процесстерден жана көрүнүштөрдөн ишкананын жана кызматкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу болуп саналат.
Күтүлгөн натыйжалар:
Башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу, Ош ЭТИ тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
Ош ЭТИнин жетекчилигинин ишмердүүлүгүнө кызматкерлердин ишенимин бекемдөө.
Ишкананын кызматкерлеринин антикоррупциялык аң-сезимин калыптандыруу.