Колл - центр: 105, 1209

Ош областынын прокуратурасынын демилгеси менен Ошто энергетиктер үчүн коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жыйын өттү

15 апреля 2025 г.

  Бүгүн 14-апрель, “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын имаратында кеңири курамдагы жыйын болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2024-жылдын 31-декабрында кол коюлган “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жаңы мыйзамдын алкагында уюштурулду.
 
  Иш-чарага Ош электр тармактары ишканасынын директору, кызмат жана бөлүм башчылары, РЭТ жетекчилери, сатуулар боюнча орун басарлар, башкы инженерлер, участка башчылары, РЭТтин мастерлери, ошондой эле Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемесинин кызматкерлери катышты.
 
  Жыйын Ош областынын прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн улук прокурорлору М.Ч. Усубалиев К.К. Байматов тарабынан өткөрүлдү.
 
   Жыйындын жүрүшүндө мыйзамдын негизги багыттары, анын аткарылышы, андагы милдеттер жана энергетика тармагындагы коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча чаралар кеңири талкууланды. Катышуучуларга мыйзам талаптарын так сактоо, ачык-айкын иш алып баруу жана жеке жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
 
  Мындай жыйындар кызматкерлердин укуктук аң-сезимин жогорулатууга жана тармакта мыйзамдуулукту камсыздоого багытталган иш-аракеттердин маанилүү бөлүгү болуп саналат.