Колл - центр: 105, 1209

Ош шаарында энергетиктер кышка даярдык көрүшүүдө

6 августа 2024 г.

  “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Сулайман-Тоо РЭТи тарабынан пландын негизинде ремонт иштери жасалууда.
 
   Бүгүнкү күндө, Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасынын 13 жана 14-көп кабаттуу үйлөрүн жана Бекбалаев көчөсүнүн жашоочуларын электр энергиясы менен камсыздаган “Анар” көмөк чордонунан чыңалуу алган 1312-трансформаторду капиталдык курулуш планынын негизинде алмаштыруу иштери аяктады.
 
  Ошондой эле, Жапалак айыл аймагына караштуу Гулбар, Төлөйкөн айылдарын, А.Малабеков, Школьная, Уларова көчөлөрүн электр энергиясы менен камсыздаган “Учар” көмөк чордонунан чыккан 6кВ Кең-Сай линиясындагы 444-(ТП) трансформатордо капиталдык ремонт иштери жасалды.
Энергетиктердин эмгеги эл үчүн!