Колл - центр: 105, 1209

Ош шаарында эскилиги жеткен жыгач мамычалар алмаштырылып, кабелдик чубалгылар реконстукциядан өткөрүлүүдө

27 июня 2024 г.

 ”КУЭТ” ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын Сулайман-Тоо РЭТи тарабынан пландын негизинде күз-кыш мезгилдерине карата ремонттук иштер жүргүзүлүүдө.
 
  Бүгүнкү күнгө карата, Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндө жайгашкан эскилиги жеткен жыгач мамычалардын ордуна жаңы темир бетон мамычалар орнотулууда.
 
  Ошондой эле, Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндөгү 17 жана 24 трансформаторлорунун аралыгындагы 6 кВ жогорку чыңалуудагы кабелдик чубалгыда реконструкциялоо иштери аткарылууда.
 
  Жасалып жаткан иштер, авариялык өчүүлөрдү болтурбоо жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо максатында жасалууда.