Ошто 220/110/10 кВ “Узловая” көмөк чордонунда 250 МВА автотрансформатор орнотулууда
7 мая 2025 г.
“КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын 220/110/10 кВ “Узловая” көмөк чордонунда 200 МВА кубаттуулуктагы автотрансформатордун ордуна 250 МВА кубаттуулуктагы автотрансформатор орнотуу жумуштары жүрүп жатат.
Трансформаторду алмаштыруу иштерине Ош электр тармактары ишканасынын “Көмөк чордондор”, “Релелик коргоо жана автоматика” кызматтарынын жана “Унаа” бөлүмүнүн кызматерлери, электр куроочулары тартылып, Ош электр тармактары ишканасынын башкы инженери Марат Раймалиев жумуштун сапаттуу бүткөрүлүүсү боюнча көзөмөл кылууда.
Бүгүнкү күндө, “Узловая” көмөк чордонунда жасалып жаткан иштер боюнча Энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов жана “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын директору Тилек Жолдубай уулу жеринен таанышып, кабар алышты.
Бул жаңылоо региондун электр тармагын бекемдөөдөн сырткары, автотрансформаторду алмаштыруу менен кошумча кубаттуулук кошулат, кечки жана эрте мененки максимумда чыңалууну стабилдештирүүгө, электр энергиясынын жоготууларын азайтууга жана энергетиктердин жумушун жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.