Колл - центр: 105, 1209

Ошто энергетиктер жолдорду кеңейтүү жумуштарында активдүү иш алып барууда

10 сентября 2025 г.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “КУЭТ” ААКтын филиалы – Ош электр тармактары ишканасы Ош облусунда жана Ош шаарынын ички көчөлөрүн кеңейтүү жана ошондой эле инфраструктуралык түзүмдү жакшыртуу жаатындагы жумуштарда активдүү иш алып барууда.
Бүгүнкү күнгө чейин, Ош шаарынын батыш бөлүгүн тейлеген Сулайман-Тоо РЭТи тарабынан бир топ иштер жасалды. Токтоло кетсек;
-842 даана электр мамычалары жылдырылып, 21 даана мамыча демонтаж болду
-124 даана мамыча жаңы кошумча орнотулду
-34 КТП жылдырылып, 6 КТП демонтаж болду, 2 ТМ алмаштырылды,
-40 метр 10кВ кабель жана 110метр 0,4 кВ аба чубалгы тартылды.
-650 метр 6–10 кВ кабель чубалгылары жылдырылды.
Ош шарынын чыгыш бөлүгүн тейлеген Ош РЭТи тарабынан;
- жалпы 232 даана электр мамычалары,
-13 даана КТП,
-430 метр 0,4-6-10кВ кабель чубалгылары жылдырылды.
Азыркы тапта Ош шаарынын Тешебаев көчөсүндө да электр мамычалары жылдырылып, кабелдик чубалгылар тартылууда.
Бул сыяктуу иштер Ош электр тармактары ишканасына караган бардык райондук электр тармактарында пландуу иштер менен биргеликте жасалууда.