Ошто энергетиктердин техникалык паркы жаңыланды
17 июня 2026 г.
КР Энергетика министрлигинин тапшырмасынын негизинде “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын каржылоосу менен - Ош электр тармактары ишканасынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана энергетиктердин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында 4 даана жаңы атайын техникалар пайдаланууга берилди.
Ага ылайык, ишканага 2026-жылы чыгарылган 25 метрлик FAW үлгүсүндөгү автомунара техникасы келип, Унаа жана механизация кызматына бекитилди. Мындан тышкары, 2026-жылы чыгарылган ISUZU үлгүсүндөгү эки бригадалык автоунаа Алай РЭТине жана Кабелдик чубалгылар кызматына берилди.
Ошондой эле Ноокат РЭТинин техникалык базасы 2026-жылы чыгарылган SHANMON 388 үлгүсүндөгү экскаватор-жүк жүктөгүч менен толукталды. Ал эми мурда Унаа жана механизация кызматынын балансында турган 2025-жылы чыгарылган HOWO үлгүсүндөгү 24 метрлик автомунара техникасы Сулайман-Тоо РЭТине өткөрүлүп берилди.
Жаңы техникалар электр тармактарын тейлөөдө, оңдоо жана реконструкция иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле авариялык өчүрүүлөрдү ыкчам жоюуда энергетиктердин ишин жеңилдетип, калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого көмөк көрсөтөт.