Колл - центр: 105, 1209

Ошто энергетиктерге “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу” темасында иш-чаралар өтүүдө

7 июля 2025 г.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-мартындагы “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу” жөнүндө Жарлыгынын алкагында бүткүл республика боюнча түрдүү тармактарда маалыматтык-түшүндүрүү иштери активдүү жүрүп жатат. Бул багыттагы иш-аракеттер “КУЭТ” ААКтын филиалы — Ош электр тармактары ишканасында да жигердүү уланууда.
Тактап айтканда, бүгүн, 7-июлда Ош электр тармактары ишканасынын актылар залында энергетика тармагында эмгектенген кызматкерлер үчүн атайын маалыматтык иш-чара болуп өттү. Бул иш-чара “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу” идеясынын негизинде “Мамлекеттик тил” жана “Дин” темаларына арналды.
Жыйында адистер тарабынан мамлекеттик тилдин коомдогу ролу, анын улуттук иденттүүлүктү сактоодогу мааниси, ошондой эле диндин адамдын руханий дүйнөсүн калыптандыруудагы орду тууралуу кеңири баяндалды. Катышуучулар улуттук аң-сезимди жогорулатуу, коомдук ынтымакты чыңдоо жана руханий-маданий баалуулуктарды бекемдөө боюнча пикир алышып, суроолорго жооп алышты.
Бул сыяктуу иш-чаралар эмгек жамаатынын маданий жана руханий жактан өнүгүшүнө өбөлгө болуп, өлкө башчы белгилеген багыттардын ийгиликтүү ишке ашышына салым кошору белгиленди.
Ош электр тармактары ишканасы мындай демилгелерди мындан ары да улантып, энергетика тармагында эмгектенген адистердин тарбиялык жана интеллектуалдык деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтмөкчү.