ОШТО КӨМӨК ЧОРДОНДОРДУН КУБАТТУУЛУГУ ЖОГОРУЛАТЫЛУУДА
9 апреля 2026 г.
Энергетика министрлигинин тармакты өнүктүрүүгө багытталган реформаларынын алкагында Ош облусунда кубаттуулукту жогорулатуу жана ишенимдүүлүктү арттыруу максатында көмөк чордондордо бир катар жаңы жабдуулар орнотулуп, кошумча кубаттуулуктар киргизилүүдө.

Курулуш иштеринин алкагында Өзгөн районунун “Мырза-Аке” айыл аймагындагы 110/35/10 кВ «Ак-Жар» көмөк чордонунун курулушу жүргүзүлөт. Учурда көмөк чордондун жумушчу долбоору иштелүүдө.
Бул көмөк чордон курулган соң, 110/35/10 кВ “Өзгөн”, “Кара-Кулжа” көмөк чордондору ашыкча жүктөмдөрдөн азаят жана ишенимдүүлүк жогорулайт. Ошондой эле, Өзгөн районундагы өндүрүштөр жана жаңы курулуп жаткан ипотекалык үйлөр үчүн кошумча кубаттуулук болот.

«Беш-Мойнок» көмөк чордонунда 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштүн (ОРУ) 2-кезеги ишке ашырылууда. Буга чейин аталган көмөк чордондо 10000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор иштеп турган болсо, дагы 10000 кВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулат. 2-кезектеги трансформатор коюлуусу менен ремонт учурундагы өчүүлөр азаят.

Мындан тышкары “Беш-Мойнок”, “Ара-Көл”, “Караван”, “Ош-5”, “Ош-6”көмөк чордондорунда КРУН-10 кВ орнотуу жана алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Буга чейинки чубалгы ашыкча жүктөм менен иштеп турган 35 кВ Кара-Суу- Отуз-Адыр аба чубалгысынын АС-95 зым өткөргүчү АС-150 зым өткөргүчүнө алмаштырылат.
35кВ Отуз-Адыр - Кызыл-Абад аба чубалгысында АС-95 өткөргүчү АС-120 өткөргүчкө алмаштырылат.
35кВ Өзгөн-Новая аба чубалгысында АС-120 өткөргүчү АС-185 өткөргүчкө алмаштырылат.

Ош электр тармактары ишканасында көмөк чордондордо (ПС) капиталдык жана учурдагы оңдоо, жабдууларды жаңылоо жана кубаттуулукту жогорулатуу боюнча кеңири масштабдагы иштер этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.
Кошумча иштер катары сел каналдарын тазалоо, көмөк чордондорго кирүүчү жолдорду оңдоо жана байланыш конденсаторлорун орнотуу каралган.

Жүргүзүлүп жаткан иштер күз-кыш мезгилдерине даярдык иштеринин алкагында электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн арттырып, керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.

Электр энергиясы боюнча суроолоруңуз болсо, күнү-түнү иштөөчү чалуу борборуна: 105,
+996 772 001209
+996 702 001209
+996 556 001209 (whatsapp) номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот.