Колл - центр: 105

Папан айыл аймагында 10,5 чакырым аба чубалгылары тартылууда

16 октября 2026 г.

Папан айыл аймагындагы электр энергиясы менен камсыздоо маселесин чечүү максатында электр тармактарын куруу иштери кызуу жүрүүдө.
Буга чейин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан 300гө жакын электр мамысы орнотулган. Ал эми «КУЭТ» ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасы тарабынан жалпы 10,5 чакырым аба чубалгыларын тартуу иштери жүргүзүлүүдө.
Бул маселе буга чейин жергиликтүү тургундар тарабынан Элдик Курултайда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө көтөрүлгөн. Кайрылуулардын негизинде электр мамыларын орнотуу иштерин жергиликтүү бийлик өз мойнуна алып, энергетиктерге аба чубалгыларын тартуу, эски жабдууларды демонтаждоо жана жаңы жабдууларды монтаждоо иштери жүктөлгөн.
15-16-октябрь жумуштарды белгиленген мөөнөттө аткаруу үчүн Ноокат РЭТинен 40, Араван РЭТинен 5 жана Кара-Суу РЭТинен 3 электр куроочу жеринде иш алып барууда.
Энергетиктер аба чубалгыларын тартуу жана электр тармактарын монтаждоо иштерин этап-этабы менен жүргүзүп, жергиликтүү тургундарды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн күч-аракет жумшап жатышат. Жасалып жаткан иштер 2 күнгө созулат жана 16-октябрь толугу менен бүткөрүлөт.