Колл - центр: 105, 1209

Өзгөндө 297 көмөк чордон техникалык тейлөөдөн өттү

1 августа 2024 г.

 “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Өзгөн РЭТинде 2024-жылга план боюнча капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарына 212 даана трансформатор(КТП) киргизилген. Анын ичинен бүгүнкү күндө 53 даанасы ремонттон өткөрүлдү.
 
Жогорку чыңалуудагы 10 кВ аба чубалгысынын 10,4 км киргизилип, азыркы тапта 5,6 км тартылып бүттү.616 көмөк чордон техникалык тейлөө боюнча планга киргизилип, 297даанасы ремонттон өткөрүлдү. Техникалык тейлөө боюнча 10 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгысында 870 км киргизилип, учурда 484 км техникалык кароодон өткөрүлүп бүттү. Ал эми 0,4 кВ аба чубалгысынан 798 км киргизилген болсо, анын ичинен 368 км ремонттон өткөрүлдү.
 
Мындан тышкары утурумдук жана капиталдык жумуштар жүргүзүлүп, жогорку чыңалууга жумшалуучу жаңы 152 даана электр тирөөчтөрү каралып, 40 даана мамыча учурда коюлуп бүттү. Ошондой эле, төмөнкү чыңалууга 158 даана мамыча пландалып, азыркы тапта 60 даанасы орнотулду.
Бүгүнкү күндө Өзгөн РЭТинин электр-куроочулары Өзгөн участкасында трансформаторду кезектеги техникалык кароодон өткөрүп жатышат.
 
Өзгөн РЭТинде 141 кызматкер эмгектенет. Мекеме жалпы 50627 абонентти электр энергиясы менен камсыздайт. Анын ичинен 46746 абонент калк абонент жана 3881 калк эмес болуп бөлүнөт.
Элект энергиясына байланыштуу суроолор жаралган учурда, колл-борбордон тактоого болот:
☎️ 105
📞- 0772001209
📞- 0556001209
📞- 702001209