"Жашыл мурас” улуттук өнөктүгү

13 апреля 2024 г.

Ош электр тармактар ишканасында кезектеги ишембилик өткөрүлүп, имараттардын айланасын таштандыдан тазалоо жана бак-дарактардын көчөтүн отургузуу иштери аткарылды.
Иш-чара Президент С.Жапаровдун тапшырмасына ылайык, "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүн ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.
Ишембилик Ош облусу боюнча бардык райондук электр тармактар ишканаларында жүрүп жатат. Ошондой эле, долбоордун алкагында 220/110/10 кВ “Узловая” көмөк чордонунда эгилген бакты сугаруу иштери да жасалды