Колл - центр: 105, 1209

Ош шаарында күз-кыш мезгилдерине карата ремонттук иштерди жүргүзүү уланууда

30 июля 2024 г.

  Бүгүнкү күндө, «КУЭТ» ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын Ош РЭТи тейлеген Ош шаарынын Юго-Восток кичи районундагы   ТП-149 жана ТП-154 көмөк чордондорунун аралыгында жер алды менен өткөн 600 метр кабелдик  чубалгылар алмаштырылды.

  Мындан тышкары Ош РЭТи тарабынан капиталдык жана кезектеги ремонт иштери, ошондой эле капиталдык курулуш иштери  жасалууда. 

   Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин Ош электр тармактары ишканасы өткөргөн «кесиптик чеберчилик» боюнча мелдеште Ош РЭТтин электр куроочулары 9 команданын ичинен 1-орунду ээлеген.