Колл - борбор: 105, 1209

1-октябрь эл аралык карылар күнү белгиленди

1 Октябрь 2025 ж.

“КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасы “1-октябрь эл аралык карылар күнү” менен кезинде иштеп кеткен ардагер энергетиктерди куттуктады.
Ишкананын профсоюз уюму тарабынан ардагерлерге чай уюштурулуп, акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Ош электр тармактары ишканасынын директору Тилек Жолдубай уулу жалпы жааматтын атынан куттуктап, буга чейин жасаган ак кызматтары үчүн ыраазычылык билдирди.
__________________________
Ош электр тармактары ишканасынын басма сөз кызматы✍🏻