“КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат РЭТиндеги 110/35/10 “Ноокат” көмөк чордонунан 10000кВА кубаттуулуктагы трансформатор чыгарылып, Каратай көмөк чордонуна алып барып орнотулду.
Аталган көмөк чордон Кара-Суу районунун Манас айыл өкмөтүнүн Каратай айылын, Жоош айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылын, Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Эшме, Баш-Булак айылдарын. Мады айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тал, Мады, Социализм айылдарын. Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн Бекжар айылын электр энергиясы менен камсыздайт.