Колл - борбор: 105, 1209

19-май - Энелер күнү

19 Май 2024 ж.

 Урматтуу энелер!
 
Сиздерди “Энелер күнү” менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Үй-бүлөдөгү уялаган жылуулукту, байыр алган кутту, ынтымакты бекем сактаган ак элечек апалар аман болуңуздар. Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо каалайм.
 
 Эне-тынчтыктын, мээримдүүлүктүн, бакубаттуулуктун, сулуулуктун символу. Эненин касиети улук, ал кеменгерликти, акылмандыкты, сабырдуулукту, назиктикти боюна сиңирген асылзат.
 Төрүбүздүн көркү, уул-кыздардын нарктуу энеси болуп, урмат-сыйдын үстүндө өмүр сүрүңүздөр.  Майрамыңыздар кут болсун!
 
Сиздерди терең урматтап “КУЭТ” ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын директору Эмилбек Ысманов.