2025-жылы Ош облусунда 12 энергообъект ишке берилди
22 Январь 2026 ж.
Энергетика министрлигинин тапшырмасынын негизинде, 2025-жылы “КУЭТ” ААКнын каржылоосу менен Ош электр тармактары ишканасында капиталдык курулуш планына ылайык бир катар маанилүү иштер аткарылып, 7 объект жаңыдан курулуп, 5 объекте капиталдык ремонт иштери жасалып ишке берилди. Атап айтканда:
1. Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагындагы Куршаб УЭСинде кызматкерлер үчүн жаңы кызматтык имарат курулду. Буга чейин кызматкерлер шарты жок контейнерде иштеп келишкен.
2. Көмөк чордондор кызматынын Ош тайпасынын электр слесарлары үчүн 220/110/10 кВ “Узловая” көмөк чордонунда кызматтык имарат пайдаланууга берилди. Бул кызматкерлер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түздү.
3. Өзгөн РЭТине караштуу Салам-Алик УЭСинде жаңы кызматтык имарат курулду. Ал жетекчилик, оператор, бригада бөлмөлөрүн, шайман сактоочу жайды, санитардык түйүндөрдү жана жыйын өткөрүүчү бөлмөнү камтыйт. Курулушта энергияны үнөмдөөчү, экологиялык коопсуз материалдар колдонулду.
4. Кара-Суу РЭТинин Отуз-Адыр УЭСинде кызматтык имарат курулуп, кызматкерлердин иши жана эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлдү.
5. Алай РЭТинин Сары-Таш бөлүмүндө алгач ирет Сары-Таш УЭСи үчүн кызматтык имарат курулууда.
6. Өзгөн РЭТинин имараты толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап талаптарга ылайык шарттар түзүлдү. Имараттын алдына асфальт төшөлдү.
7. Кара-Суу РЭТинин имараты капиталдык ремонттон өтүп, айланасы асфальтталды. Ошондой эле трансформатор оңдоо цехи жаңыланып, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
8. Ош электр тармактарынын Электр энергиясын сатуу мекемесинин имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кызматтык эмеректер жаңыланды.
9. Кара-Кулжа РЭТиндеги трансформатор оңдоо цехи капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жылытуу системасы орнотулду. Ошондой эле жууну бөлмө, ашкана жана иш бөлмөлөрү өзүнчө уюштурулду.
10. Өзгөн РЭТине караштуу Жазы УЭСинин авариялык абалдагы имараты толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, заманбап шарттар түзүлдү.
11. Араван РЭТинин алыскы Пахтачы УЭСинде Ош электр тармактарынын Оңдоп-куруу бөлүмү тарабынан капиталдык ремонт иштери аткарылды.
12. Энергетиктердин иш шарттарын жакшыртуу максатында 35/10 кВ “Ой-Тал” көмөк чордонунда кезметчи электр куроочулар үчүн кызматтык имарат курулду.