220/110/10 кВ “Узловая” көмөк чордонунда электр-куроочуларга имарат курулду
24 Ноябрь 2025 ж.
Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен Ош электр тармактар ишканасына таандык Көмөк чордондор кызматынын Ош тайпасынын электр слесарлары үчүн жаңы кызматтык имарат курулду.
Имарат Ош шаарынын Жапалак айылында, ДЭУ-21 көчөсүндө, “Узловая” көмөк чордонунун жанында жайгашкан.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан каржыланды. Долбоордун жалпы сметалык баасы 7060,76 миң сом. Курулуш иштерин “Энергострой ЛТД” ЖЧКсы аткарып, жалпы 6193,65 миң сомдук жумуш ишке ашырылды.
Жаңы имарат кызматкерлер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз иш шарттарын түзүү максатында курулду.
Долбоордун негизги максаттары:
1. Ыңгайлуу иш шарттарын түзүү: имарат кызматкерлердин иштөөсү жана эс алуусу үчүн керектүү шарттар менен камсыздалат.
2. Коопсуздукту камсыз кылуу: заманбап материалдар колдонулуп, имараттын бекем жана узак мөөнөттүү болушу каралган.
3. Иштин натыйжалуулугун жогорулатуу: ыңгайлуу имарат кызматкерлердин иш сапатына оң таасир берет.
Имараттын негизги мүнөздөмөлөрү:
• Курулуш аянты — 52,49 м².
• Тайпанын башчысынын жана устатынын бөлмөлөрү, санитардык бөлмө, кийинүүчү бөлмөлөр болот.
• Энергияны үнөмдөөчү жана экологиялык жактан коопсуз материалдар колдонулат.
• Имарат коопсуздуктун заманбап стандарттарына толук ылайык келет.
Бул имараттын курулушу кызматкерлерге коопсуз жана ыңгайлуу иш шарттарын түзүп, милдеттерин сапаттуу аткаруусун жакшыртат. Имараттын курулуш иштери дээрлик аяктап, жакынкы күндөрү расмий түрдө пайдаланууга берилет.