Колл - борбор: 105, 1209

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү

23 Сентябрь 2023 ж.

Урматтуу мекендештер!
Сиздерди 23-сентябрь кыргыз тилинин Мамлекеттик тил макамынын кабыл алынышына 34 жыл толушу менен
«Ош электр тармактары ишканасынын” жалпы
жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!
23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 34 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген.
Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз,
улутубузду улут кылып келе жаткан
куралыбыз - бул мамлекеттик тилибиз.
Тилибизди көздүн карегиндей сактап, өзүбүздөн кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү ар бирибиздин мойнубузда турган ыйык милдетибиз.
Келечекте кыргыз тилин өлкөдөгү
бардык улуттарга орток тил катары жашоо практикасына кеңири жайылтуу - келечек максатыбыз болуп, тилибиз үчүн болгон күч-аракет, далалатыбыздын арышы кеңейе берсин!
Дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун!
Терең урматым менен, «Ош электр тармактары ишканасынын” директору Ысманов Эмилбек Касымович!