Энергообъектилерди күз-кыш мезгилдерине карата даярдоо максатында Ош облусунун төмөнкү аймактарында 08:00дөн 17:00гө чейин убактылуу жарык берилбейт:
➡️Кара-Суу РЭТ: Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Шералы, Бөрүлүк, Кара-Дөбө, Осмон, Кызыл-Абад, Живпром, Садырбай, Кайрагач, Жаңы Турмуш, Тойчу, Ражап, Жаңы-Арык айылдарында. Жаңы-Алай айыл аймагынын Беш Кашар, Жаңы-Алай айылдарында.
➡️Сулайман-Тоо РЭТ: Ош шаарынын эски шаардык ооруканасынын аймагы, ЦСМ Nº12 Үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмү, К.Датка, Жупас, Донг-Кочо, Т.Сатылганов, Киев, Л.Маидова, Н.Сайдиев, Б.Ормонов көчөлөрүндө. Кара-Кысмак, Бодур-Таш айылдарында. Ош шаарынын мэриясынын протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында жолдорду кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Суйумбаева, Атабаева, К.Датка, К.Көчөбаев, Моминова, Волгоградская, Физулий, Чкалова, Бабур, А. Каримов көчөлөрүндө.
➡️Ноокат РЭТ: Ноокат районунун Алике, Жаны-Базар, Байыш, Ак-Чабуу, Улуу-Тоо айылдарында.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз!