35/10 кВ “Кызыл-Абад” көмөк чордону капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө
8 Июль 2026 ж.
“КУЭТ” ААКнын филиалы – Ош электр тармактары ишканасынын Көмөк чордондор кызматы тарабынан күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иш-чараларынын алкагында көмөк чордондордо пландалган капиталдык оңдоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө, Манас-Ата тайпасы тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан 35/10 кВ “Кызыл-Абад” көмөк чордонунда капиталдык оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.
Оңдоо иштеринин жүрүшүндө электр жабдуулары толук техникалык кароодон өткөрүлүп, эскирген тетиктер жаңыларына алмаштырылууда. Ошондой эле өчүргүчтөр, ажыраткычтар, ток өткөрүүчү бөлүктөр жана башка негизги жабдуулар оңдолуп, техникалык талаптарга ылайык жөнгө салынууда.
Аталган иштердин негизги максаты - көмөк чордондун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу жана күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз, сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо болуп саналат.