Колл - борбор: 105, 1209

5600 абонентке электр энергиясы берилди

15 Июль 2024 ж.

  15-июль, саат -14:30.
   Ош электр тармактары ишканасы тейлеген Ош облусунда жана Ош шаары боюнча селден жабыркаган аймактарында энергообъектилерди оңдом-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда селдин кесепетинен улам жараксыз абалга келтирилген мамычалар, аба чубалгылары жана көмөк чордонду кабылына келтирүү иштери аткарылууда.
   “КУЭТ” ААКтын башкы директорунун орун басары Доктурбай уулу Жолдошбек, Ош электр тармактар ишканасынын директору Эмилбек Ысманов жана РЭТ башчылары селден кийинки электр жабдууларынын абалына менен жерине таанышты. Доктурбай уулу Кара-Суу, Ноокат райондорундагы жана Ош шаарындагы сел алып кеткен электр тирөөчтөрүн тезинен калыбына келтирүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
   Кара-Суу району боюнча селдин кесепетинен жалпы 7500 абонент жарыксыз калса, азыркы саатка карата 5600 абонентке жарык берилди.