8-март айымдардын эл аралык майрамы
                8 Март 2024 ж.
                
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК сиздерди 8- март айымдардын Эл аралык майрамы менен куттуктайт!
 
 
Жан-дүйнөсүнө аруулукту, сулуулукту, мээримдүүлүктү камтыган урматтуу асылкеч айымдар, сиздердин жазды утурлаган – 8 - март майрамыңыздар кут болсун! Жаз менен кошо кирип келген бул майрамды баарыбыз кубануу менен белгилейбиз.
 
 
Андыктан жүзүңөрдөн күлкү кетпей, айлогон ой-максатыңыздар ишке ашып, жакшылыктар дайыма Сиздерди коштоп, ишиңиздер илгерилей беришине тилектешбиз.
 
 
Ардактуу асылзат айымдар! Майрамыңыздар менен!