Колл - борбор: 105, 1209

9-май Жеңиш күнү

9 Май 2024 ж.

Урматтуу мекендештер!
 
Сиздерди 9-Май Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайбыз!
 
9-Май, Ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган Жеңиш күнү! Даңктуу тарыхыбыз менен элибиз дайыма тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары белгилеп келишет.
 
Согушта эрдик көрсөтүп, өз жанын Жеңиш үчүн курман кылган, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган аталарыбыздын элеси ар дайым жүрөгүбүздө.
Жергебизде тынчтыктын ыры жаңырып, элибизде ынтымак ыроолоп, молчулук, токчулук болушуна тилектешпиз.
 
Улуу Жеңиш күнү куттуу болсун, мекендештер!
Сиздерди терең урматтап, Ош электр тармактары ишканасынын директору Ысманов Эмилбек Касымович