Колл - борбор: 105, 1209

Абдувалиев Жантөрө Энергетика Министрлигинин “Ардак Грамотасы” менен сыйланды

2 Сентябрь 2024 ж.

  Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Тетюши шаарында болуп өткөн түрк элдеринин электр куроочуларынын кароо сынагында І орунду ээлегендигине байланыштуу "КУЭТ" ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Ош РЭТинин электр эпкери Абдувалиев Жантөрө Махамадиярович сыйланды.
 
   Сыйлыкты Ош ЭТИнин башкы инженери Марат Раймалиев тапшырып, мындан аркы ишмердүүлүгүнө жана алдыда күтүлүп жаткан кесиптик мелдешке ийгилик каалап өттү.