Колл - борбор: 105, 1209

Алай районунда энергетиктер күз-кыш мезгилдерине карата 80%га даяр

12 Сентябрь 2024 ж.

“КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Алай РЭТинде аба чубалгыларын тартуу, эскилиги жеткен мамычаларды алмаштыруу, КТП трансформаторлордо утурумдук жана капиталдык ремонт иштери жасалууда.
 
 Азыркы тапта, Алай районунун Таш-Коро айылынын Көл-1 бөлүгүн чыңалуу менен камсыздаган 106-трансформатордо чаңдарын аарчып, актап-сырдоо, утурумдук ремонт иштерин жасап жатышат.
Алай РЭТинде жалпы 440 трансформатордун(КТП) 335 даанасы РЭТтин балансында турат. Бүгүнкү күнгө карата 140 даанасы утурумдук жана капиталдык ал эми 185 даана трансформатор катардагы ремонттон өткөрүлдү.
 
 Жыл башынан бери аталган РЭТтин автобазасы да толукталып, экскаватор жана жаңы манипулятор келип, жумуш ыргагын бир топ алдыга жылдырган.
Ремонт иштеринин алкагында Алай районунун Курманжан Датка айыл өкмөтүндө жогорку чыңалуудагы ВЛ-10кВ аба чубалгысында 1 км линия реконструкцияланды. 20 даана эскилиги жеткен жыгач мамычалар темир бетон тирөөчтөргө алмашылды.
 
 РЭТ тарабынан 4 айыл өкмөттө СИП өткөргүчтөрү тартылды. Сары-Ташта 1км, Сопу-Коргондо 0,4 кВ Кызыл-Алай айылдарында 1 км.
Район боюнча жалпы жалпы 13775 абонент бар, 860 калк эмес жана 12915 калк керектөөчү.