Колл - борбор: 105

Алай районунда энергетиктер күз-кышка даярдык көрүүдө

23 Июнь 2026 ж.

«КУЭТ» ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Алай РЭТинде 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
Электр энергиясын керектөөчүлөргө үзгүлтүксүз жана сапаттуу жеткирүүнү камсыз кылуу максатында электр тармактарында оңдоо-түзөө, жаңылоо жана техникалык тейлөө иштери аткарылууда.
Учурда Гүлчө-1 бөлүмүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Анын алкагында электр жабдуулары текшерилип, эскилиги жеткен тетиктер жаңыларына алмаштырылууда. Мындай иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, күз-кыш мезгилиндеги жүктөмдөргө туруктуу даяр болууга шарт түзөт.
Энергетиктер алдыдагы суук мезгилде калкты жана социалдык объектилерди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Даярдык иштери белгиленген графикке ылайык ноябрь айына чейин улантылып, күз-кыш мезгили башталганга чейин толук бүткөрүлөт.