Алай РЭТинде коррупцияга каршы күрөшүү жана антитеррор боюнча түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү
26 Январь 2026 ж.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Алай РЭТинде жыйын өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош ЭТИнин Жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Динара Мырсабекова коррупция түшүнүгү, анын коом жана мамлекет үчүн тийгизген зыяны, ошондой эле 2024-жылдын 31-декабрындагы №209 «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын негизги жоболору боюнча кеңири маалымат берди.
Иш-чаранын соңунда кызматкерлер мыйзамды билбегендиги жоопкерчиликтен бошотпой тургандыгы эскертилди. Ошондой эле массалык маалымат каражаттарында жана интернет тармагында жарыяланган түшүндүрүүчү роликтер менен таанышып туруу сунушталды.
Жыйын катышуучулары сак болууга чакырылып, пара берген адам да, пара алган адам да мыйзам алдында бирдей жооп берери белгиленди. Жыйынга Алай РЭТинин жетекчилиги, кызматкерлер жана жалпы энергетиктер катышышты.