Алай РЭТинде күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүп жатат
12 Август 2026 ж.
“КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Алай РЭТинде 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата электр жабдууларын даярдоо жана оңдоп-түзөө иштери кызуу жүргүзүлүүдө.
Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыз кылуу, электр тармактарынын туруктуу иштөөсүн камсыздоо максатында капиталдык жана учурдагы оңдоо иштери аткарылууда
Бүгүнкү күнгө чейин: 17 даана трансформатордук көмөкчү чордону (КТП) капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Анын ичинде Гүлчө айыл аймагында - 4, Курманжан-Датка айыл аймагында - 2, Тилектеш айыл аймагында - 4, Үч-Дөбө Алай айыл аймагында - 3 жана Памир-Алай айыл аймагында - 4 КТП оңдолду.
Мындан тышкары, 10 кВ аба чубалгыларында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, Гүлчө айыл аймагында 3 км, Памир-Алай айыл аймагында 2 км, жалпы 5 км аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Утурумдук оңдоо иштеринин алкагында 10 кВ аба чубалгыларынын 235,58 км аралыгы оңдолду. Анын ичинде Жибек-Жолу айыл аймагында - 13,56 км, Тилектеште - 32,6 км, Үч-Дөбө Алай айыл аймагында - 64,6 км, Памир-Алайда - 51 км, Гүлчөдө - 15,5 км жана Курманжан-Датка айыл аймагында - 60,32 км иштер аткарылды.
Ошондой эле 0,4 кВ аба чубалгыларын учурдагы оңдоодон өткөрүү боюнча белгиленген 164,78 км план толугу менен аткарылды. Иштердин жүрүшүндө электр линияларына жакын өскөн бак-дарактар да кыйылып, электр тармактарынын коопсуздугу камсыздалууда.
Мындан сырткары, 6 айдын ичинде 140 даана КТП учурдагы оңдоодон өткөрүлдү.
Электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана эскирген жабдууларды жаңылоо максатында бир катар аймактарда конкреттүү иштер да жүргүзүлдү.
Гүлчө айыл аймагындагы Гүлчө шаарынын ВЛКСМ көчөсүндө жайгашкан КТП-506 көмөк чордонунун 0,4 кВ аба чубалгысынын эскирген электр мамычалары алмаштырылып, 20 даана темир-бетон мамыча орнотулду. Ошондой эле узундугу 0,5 км болгон СИП-2 кабели тартылып, керектөөчүлөргө электр энергиясы берилди.
Гүлчө шаарынын Алимбек-Датка көчөсүндөгү КТП-062нин 0,4 кВ аба чубалгысында да жаңылоо иштери жүргүзүлүп, 17 даана темир-бетон мамыча орнотулуп, 0,5 км узундуктагы СИП-2 кабели тартылды.
Ал эми Курманжан-Датка айыл аймагынын Кызыл-Ой айылында жана Тилектеш айыл аймагынын Кен-Жылга айылында эскирген 10 кВ аба чубалгыларынын мамычалары жаңыланып, ар бирине 10 даанадан темир-бетон мамыча орнотулуп, СИП-3 кабели менен камсыздалды.
Тилектеш айыл аймагынын Гердегей айылында КТП-053 трансформатору ашыкча жүктөм менен иштеп жаткандыгына байланыштуу 63 кВА кубаттуулуктагы жаңы трансформатор орнотулуп, керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо жакшыртылды.
Мындан тышкары, IV Элдик Курултайда көтөрүлгөн көйгөйдүн негизинде Тилектеш айыл аймагынын Кушчу айылында жашаган жарандардын кайрылуусу каралып, тиешелүү иштер аткарылды. Жарандардын маалыматына ылайык, КТП-074 “Гараж” трансформаторунан берилген чыңалуу 180 вольтко чейин түшүп, өзгөчө кыш мезгилинде электр энергиясын пайдаланууда кыйынчылыктар жаралган. Бул көйгөйдү чечүү максатында кошумча 160 кВА кубаттуулуктагы жаңы КТП орнотулуп, керектөөчүлөргө электр энергиясын толук кандуу берүү камсыздалды.
Алай РЭТинде жүргүзүлүп жаткан оңдоо жана жаңылоо иштеринин негизги максаты күз-кыш мезгилинде электр жабдууларынын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу жана керектөөчүлөргө сапаттуу электр энергиясын жеткирүү.