Колл - борбор: 105, 1209

Алайкууда энергетиктер катаал шарттагы аба-ырайында эл кызматында

18 Февраль 2024 ж.

 “КУЭТ” ААКтын филиалы Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Кулжа РЭТинин энергетиктери катаал шарттагы аба-ырайында эл кызматында.
 
  ӨКМдин шашылыш билдирүүсү боюнча 17-18-19 февраль аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү менен суу аралаш кар жаап, Кара-Кулжа районун Алайкуу өрөөнүндө 35/10 кВ "Терек"көмөк чордонунун АЧ-10 кВ ф.Кызыл-Жар 17-февраль күнү саат 06 чамасында жарык үзгүлтүккө учураган.
 
  Авариялык кырдаалды калыбына келтирүү үчүн Кара-Кулжа РЭТинин “Терек” бөлүмүнүн устаты Курбантаев Бакыт баш болгон электр эпкерлер карап, кыдырууга чыгышкан. Натыйжада үзгүлтүккө учураган аба чубалгыны таап оңдоп, жарык берилген.