Колл - борбор: 105, 1209

Араван районунда энергетиктер күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүшүүдө

2 Сентябрь 2024 ж.

  Бүгүнкү күндө, “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Араван РЭТинде эскилиги жеткен жыгач мамычалар алмаштырылып, трансформаторлордо (КТП) утурумдук жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери жасалууда.
 
  Азыркы тапта, Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагына караштуу Жаңы-Жол жана Нур-Абад айылдарында эски жыгач мамычалар темир бетон тирөөчтөргө алмаштырылууда.
 
 Мындан тышкары, авариялык кырдаалдын алдын алуу максатында 10кВ аба чубалгыларынын алдына өскөн бак-дарактарды кыйып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
 
  Араван РЭТи боюнча 4 аймак бөлүмгө бөлүнүп, район боюнча 6 айыл өкмөтүн тейлейт. Абоненттин саны 29517 ни түзөт жана 27207 калк, 2310 калк эмес болуп бөлүнөт.